04.09.23

Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев парламенттин жаңы мыйзам чыгаруу жылынын ачылыш аземинде салттуу кайрылуусун жасады.

Токаев быйыл “Адилеттүү Казакстандын экономикалык прогресси” деген аталыш менен коомчулукка кайрылып, дүйнөдөгү учурдагы оор геосаясий кырдаалды эске алуу менен өлкөнүн жаңы экономикалык саясатын аныктап жатканын билдирди.

Токаев жаңы экономикалык саясатта узак мөөнөттүү приоритеттердин ордуна бардык максаттарга үч жыл ичинде жетүүнү артык көрүшө тургандыгын айтты.

Учурдагы этапта эң маанилүү милдет, өлкөнүн экономикалык өзүн-өзү камсыздоосун камсыз кылуу экенин белгилеген Токаев, бул үчүн өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин баса белгиледи.

Касым Жоомарт Токаев: «Биз жер астындагы байлыктарыбызды, адамдык капиталыбызды, продукцияларыбызды, башкача айтканда, «ички нарк» деп аталган нерселердин бардыгын максималдуу пайдаланабыз», - деп белгилеп өттү.

Өлкөдө жаңы жер астындагы байлыктарды табуу боюнча изилдөөлөрдү көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген Токаев, өкмөткө 2026-жылга чейин геологиялык изилдөө аймактарын 2 миллион 200 миң чарчы километрге жеткирүү милдети коюлганын билдирди.

Өлкөнүн транзиттик жана логистикалык потенциалын толук ишке ашыруунун стратегиялык маанисине көңүл бурган Токаев: «Биз дүйнөдө жаңы экономикалык географиянын калыптанышына күбө болуудабыз. Кытайдан Европага, Россияга жана Борбордук Азияга жана тескерисинче соода агымынын тез өсүшү күтүлүүдө»-деп белгилеп өттү.

Казакстандын түндүк менен түштүктү, батыш менен чыгышты бириктирген жолдун кесилишинде жайгашканына көңүл бурган Токаев: «Бул бизге кеңири перспективаларды сунуш кылган чоң артыкчылыгыбыз. Казакстан Евразиядагы транзиттик хаб катары позициясын бекемдеши керек”- белгиледи.

Жаңы стратегиялык милдет катары аймактын «транзиттик күчү» болууну чечкендерин белгилеген Токаев “Транс-Каспий” эл аралык ташуу жолу бул контекстте маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.

Токаев аталган транспорт коридору өткөн Түркия, Азербайжан, Грузия жана Кытай менен бирге аракеттер көрүлүшү керектигин белгиледи.

Токаев бул жаңы экономикалык реформаларга ылайык, улуттук экономиканын көлөмүн 2029-жылга чейин 450 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышканын белгиледи.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/kazakistan-avrasya-nin-transit-gucu-olmayi-hedefliyor/64f1ce3d5c2201b9ab9e4573