14.10.23

2023-жылдын январь-сентябрь айларында, Түркмөнстан жана Казакстандан “Баку-Тбилиси-Жейхан” мунай кууру аркылуу ташылган нефтинин  жалпы көлөмү 6,7 пайызга өскөн.

“Интерфакс-Азербайджан” маалымат кызматы, жума күнү өлкөнүн Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматына шилтеме берүү менен билдиргендей, Түркмөнстан менен Казакстандан келген транзиттик мунайдын үлүшү 3,82 миллион тоннаны же жалпы мунай кууру аркылуу ташылган нефтинин жалпы көлөмүнүн 16,9 пайызын түзгөндүгүн билдирген.

Отчеттук мезгилдин ичинде, “Баку-Тбилиси-Жейхан” мунай кууру аркылуу ташылган мунай  22,66 миллион тоннага жеткен, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга көптүк кылат.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында, Түркмөнстандан жана Казакстандан Азербайжандын терминалдары аркылуу ташылган мунай транзитинин жалпы көлөмү 2,9 миллион тоннаны түзгөн.

https://business.com.tm/ru/post/10894/turkmenistan-ile-kazakistan-baku-uzerinden-petrol-ihracat%C4%B1n%C4%B1-artt%C4%B1rd%C4%B1