23.10.2023

Казакстандын Анкарадагы элчилигинде Казакстандын эгемендүүлүк күнү белгиленди.

Казакстандын Түркиядагы элчиси Сапиев Эркебулан эки өлкөнүн ортосундагы терең тамырлашкан карым-катнаштарды белгилеп келип: “Бир тууган Түркия Казакстандын эгемендүүлүгүн дүйнөдө биринчилерден болуп тааныган мамлекет”,- деп билдирди.

Сапиев эки өлкөнүн орток тили, орток маданияты жана тарыхы бар экенине токтолуп, “Эки боордош мамлекеттин ортосундагы мамилелер элибиздин жаркын келечеги жана бакубат жашоосу үчүн системалуу түрдө өнүгүп жатат”, - деп өз баасын берди.

Элчи Түркия менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын кыска убакыттын ичинде “Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк” деңгээлине көтөрүлгөнүн белгилеп келип: “Учурда Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешине президенттерибиз тең төрагалык кылууда, Өкмөттөр аралык экономикалык комиссия, Казакстандын Премьер-министри жана Түркиянын Вице-президенти жана тышкы иштер министрлери тарабынан тең төрагалык кылган “Биргелешкен стратегиялык пландоо” тобунун тең төрагалыгы астында, Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобу активдүү иш алып барып жатышкандыгын билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги кызматташтыктын үзгүлтүксүз өнүгүп жатканын баса белгилеген элчи, Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевдин 2023-жылы, Түркияга эки жолу иш сапар жасаганын баса билдирди.

Элчи Түркия менен Казакстандын ортосундагы соода, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп: “Өкмөттөрүбүздүн көрүлгөн комплекстүү чаралары жана ишкердиктин аркасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара соода көлөмү 54 пайызга өсүп,  2022-жылы 6,3 миллиард долларга жетти”- деп белгилеп өттү.

https://www.aa.com.tr/tr/politika/buyukelci-sapiyev-turkiye-ile-kazakistan-arasindaki-guclu-iliskilere-dikkati-cekti/3030396#