11.11.23

Казакстандын Костанай облусунда “KİA” автомобилдерин чыгаруучу толук циклдуу заводдун курулушу башталды. Иштин расмий ачылыш аземине, Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Роман Скляр жана Костанай облусунун акими Кумар Аксакалов катышты. Бул тууралуу, Костанай облусунун акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку айлык акы төлөнүүчү 1500 жумушчу орун түзүү пландаштырылган жаңы заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 70 миң автоунааны өндүрүүгө жөндөмдүү. Долбоорго 250 миллион долларга жакын чет элдик инвестиция тартылат.

Роман Скляр белгилегендей, “Kia” компаниясы тарыхта биринчи жолу биргелешкен ишкана түзүүгө жана Түштүк Кореянын тышкары чет өлкөдө ишкана курууга түз инвестиция салып жатат.

Курулуш иштери 2024-жылы аяктап, андан кийин жабдууларды орнотуу иштери башталаары күтүлүүдө. Заводду пилоттук ишке киргизүү 2025-жылдын биринчи кварталында ишке ашат, ал эми толук өндүрүш цикли ошол эле жылдын экинчи кварталында  башталмакчы.

https://kapital.kz/economic/120698/kia-vlozhit-v-stroitel-stvo-zavoda-v-rk-250-mln-dollarov.html