14.11.23

Өзбекстан менен Казакстандын батыш аймактарын бириктире турган жаңы жол куруу пландалып жатканын, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов билдирди.

Казакстан Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө 10 мамлекеттердин жетөөсү дүйнөлүк океанга чыга албагандыктан, аймакта транспорттук байланышты өнүктүрүүнүн зарылдыгы бар. Бул тууралуу өткөн аптада, Ташкентте өткөн ЭКУнун саммитинде премьер-министри Алихан Смаилов билдирди.

Анын айтымында, заманбап чек ара соода-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө, Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан “Борбор Азия” өнөр жай эл аралык  борбору саналат. Ушундай эле өнөр жай соода-логистикалык комплексин, Кыргызстан менен чек арага куруу пландалууда.

Өзбекстанды Казакстандын батыш аймактары менен байланыштыруу үчүн “Бейнеу-Шалкар” автожолу курулат, ал ТРАСЕКА 8-жол коридорун (Европа Биримдиги менен өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда, “Европа-Кавказ-Азия” транспорт эл аралык транспорт коридорун түзүү программасы) түзүүнү аяктоо үчүн кызмат кылат.

Алихан Смаилов: “Биз ошондой эле Каспий деңизиндеги портторубуздун потенциалын активдүү ачып жатабыз. “Актау” портунда контейнердик хаб жана “Курык” портунда көп функционалдуу “Саржа” терминалы курулат. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Кытай менен өткөрмө бекеттеринде өзүнчө станциялык жолдорду куруу пландалууда”, - деп белгилеп өттү.

Бул багыттагы жүк ташууну 2030-жылга чейин жылына 500 миң контейнерге чейин көбөйтүү пландалууда.

Мындан тышкары, “Астана-Транскаспий” эл аралык коридорун өнүктүрүүгө артыкчылык берет. Анын потенциалын жогорулатуу үчүн Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия менен биргеликте, бир эле учурда тоскоолдуктарды жоюу жана 2027-жылга чейин “Ортоңку коридорду” өнүктүрүү боюнча жол карталары ишке ашырылууда.

https://www.gazeta.uz/ru/2023/11/13/beyneu-shalkar/