14.11.23

Казакстандын Улуттук экономика министри Алибек Куантыров мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн акыркы 10 айдагы  социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу отчет берди. Бул тууралуу “Akorda” Telegram каналы билдирди.

2023-жылдын аягына чейин ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшү 5% пайыз болору күтүлүүдө. Биринчи жарым жылдыкта чет элдик түз инвестиция 13,3 миллиард долларды түзгөн. Жылдык инфляция эки эсеге төмөндөп, 10,8% пайызды түзгөн.

Маалым болгондой, чакан жана орто бизнестин  ички дүң продуктудагы (ИДП) үлүшү рекорддук көрсөткүч 36,4% пайызга жетти. Чакан жана орто бизнестин өндүрүшүнүн көлөмү 28 триллион теңгеден ашкан, бул тармакта иштегендердин саны 4,3 миллион адамды түзгөн. Быйыл тогуз миң долбоор субсидияланып, насыянын көлөмү 669 миллиард теңгени түздү.

Президентке ошондой эле жаңы Бюджет жана Салык кодекстерин иштеп чыгуу, инвестиция жана мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү саясат боюнча маалымат берилди.

https://centralasia.news/25038-prjamye-inostrannye-investicii-v-kazahstan-dostigli-133-mlrd-dollarov-za-polgoda.html