20.11.23

Түркиянын “Alarko Holding” компаниясы, Казакстандын Шымкент шаарында  жаңы форматтагы күнөскана комплексин курууну пландоодо. Долбоордун баасы 650 миллион долларды түзөт. Күнөскана ишке кириши менен этабы менен 5 миң жаңы жумушчу орун түзүлөт. Комплекстин аянты 500 гектарды түзөт.

Бул тууралуу, меморандумга 2023-жылдын 17-ноябрь күнү Астанада өткөн Глобалдык инвестицияларга арналган “VI Казакстандын  тегерек столу”  иш чаранын алкагында кол коюлган. Бул тууралуу Шымкент акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, түркиялык “Isıklar Packagıng Ltd” компаниясы менен Шымкент шаарында “крафт-ролл” кагазын чыгаруучу ишкана куруу боюнча меморандумга кол коюлду. Долбоордун баасы 12 миллион долларды түзөт.

Шымкент акимчилигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Эки долбоор тең аймактын туруктуу өсүшүнө, инвестиция тартууга, шаардын экономикасын өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого салым кошот”, - деп айтылат.

https://kapital.kz/economic/120901/turetskiy-alarko-holding-nameren-postroit-v-rk-teplichnyy-kompleks.html