28.11.23

Казакстандын  премьер-министри Алихан Смаилов министрлер кабинетинин жыйынынан кийин журналистерге берген брифинг учурунда, Казакстанга түз чет элдик инвестицияларды тартуу иштери жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөдө инвестиция тартуу маселелерине артыкчылык берилет, анткени бул түздөн-түз экономикалык өнүгүүгө түрткү берет.

Алихан Смаилов: “Өткөн жылы биздин өлкөгө келген, түз чет элдик инвестициянын көлөмү акыркы 10 жылда рекорддук деңгээлге жетип, 28 миллиард долларды түздү. Биринчи кезекте бул инвестициялар тоо-металлургия тармагына, кайра иштетүү өнөр жайына, соода, транспорт жана каржы тармагына жумшалды”,-  деп билдирди.

Ал ошондой эле биринчи жарым жылдыктын соңуна чейин, түз чет элдик инвестиция 13,5 миллиард долларга жеткенин, жыл аягына чейин жалпысынан 27 миллиард долларга жете тургандыгы күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчысы: “Кандай болгон күндө да 27-28 миллиард доллар, Казакстан үчүн акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч. Инвестицияларды тартууда мындай жогорку динамикаларды мындан ары да сактоого ниеттенип жатабыз. Мамлекет башчы биздин алдыбызга 2029-жылга чейин 150 миллиард доллар түз чет элдик инвестиция тартуу милдетин коюп жатат” деп кошумчалады. Анын айтымында, бул үчүн өкмөттүк деңгээлде да, жергиликтүү аткаруу органдарынын деңгээлинде да бир топ комплекстүү иштер жүргүзүлөт.

https://kapital.kz/economic/121038/v-2024-godu-v-rk-planiruyet-sya-realizovat-400-investproyektov-na-4-6-trln-tenge.html