27.11.23

Казакстандын Түркстан облусунда узундугу 152 километр болгон “Дарбаза – Мактаарал” темир жол линиясынын курулушу башталды. Негизги инфраструктуралык бул долбоор, Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы жүк ташуу үчүн дагы бир кошумча коридор катары кызмат кылып, Ташкент шаарын айланып өтүү менен транспорттук агымдарды жеңилдетет.

Казакстандын өкмөтү маалымдагандай, жаңы темир жол линиясынын курулушу, азыркы “Сарыагаш-Ташкент” темир жол каттамы менен ташылган товарларды жаңы линияга кайра багыттоого, “Сарыагаш” станциясынын ишин жеңилдетүүгө жана Өзбекстанга болгон экспорттук жүктөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, долбоор Казакстандын Түркстан аймагын өлкөнүн башка негизги темир жол тармагына кошуу менен аны өнүктүрүүгө салым кошот.

Жаңы темир жол линиясынын курулушу 3400 жумуш ордун түзүүгө  мүмкүндүк берет. Долбоордогу Казакстандын үлүшү 85% пайызды түзөт. Темир жолдун курулушу 2025-жылы аягына чыгаруу  пландалууда.

https://economist.kg/transport/2023/11/27/kazakhstan-i-uzbiekistan-nachali-stroit-zhielieznuiu-doroghu-v-obkhod-tashkienta/