11.12.23

Казакстандын Актау портунан 2023-жылдын январь-ноябрь айларында,  Бакуга 1,238 миллион тонна мунайы жеткирилген.  Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алты эсеге көпттүк кылат. Бул тууралуу, “КазТрансОйл”  компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган компаниянын маалымат кызматы тараткан маалыматта: “2023-жылдын 11 айында, Казакстандын Актау портунан  өндүргөн мунайынын экспорту 3 миллион 62 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллион 14 миң тоннага же 50% пайызга көпттүк кылат. Актау портунан экспорт үчүн Баку портуна жөнөтүлгөн чийки мунай затынын көлөмү 205 миң тоннадан 1 миллион 238 миң тоннага чейин көбөйгөн. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда алты эсеге көпттүк кылат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн 2022-жылы, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Транскаспий коридору аркылуу мунай ташуу көлөмүн көбөйтүүгө буйрук берген. Андан соң “КазМунайГаз” компаниясы менен Азербайжандын мамлекеттик “SOCAR” компаниясы, Казакстандын Тенгиз мунай кенинен “Баку – Тбилиси  – Жейхан” (Түркия) мунай кууру багытында жылына 1,5 миллион тонна мунай ташууну караган келишимин түзүшкөн.

https://kz.kursiv.media/2023-12-11/zhnb-bakuaktauoil/