12.12.23

Казакстан 2026-жылга чейин, IT-кызматтардынын экспортун 1 миллиард долларга жеткирүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдиргенин “Казинформ” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Касым-Жомарт Токаев: “Өткөн жылы IT тармагынын экспорту беш эсеге өстү. Мен аны 2026-жылгы чейин 1 миллиард долларга чейин көбөйтүү милдетин койдум”, - деп билдирди.

Анын айтымында, Казакстан глобалдык санариптик технологиялардын тартылуу борбору катары өз ордун таап, ири эл аралык компаниялардын кеңселери үчүн  башпаанек болушу керек.

Буга чейин президент өкмөткө, өлкөдө интелектти өнүктүрүүнү колдонуу тармагын, милдеттерин жана инструменттерин аныктаган стратегиялык документти кабыл алууну тапшырган. Ал ошондой эле эки жылдын ичинде, жасалма интелектке адистешкен маалымат борборлорунун курулушун камсыз кылууну тапшырды. Токаевдин айтымында, аталган борборлорун курууга “Amazon”, “Google”, “Mastercard” жана “Citigroup” компаниялары  катышуулары мүмкүн.

https://report.az/ru/ikt/k-2026-godu-kazahstan-planiruet-uvelichit-obemy-eksporta-it-uslug-do-1-mlrd/