05.02.24

Казакстан эки жылдын ичинде, Транскаспий багыты боюнча мунай жеткирүү көлөмүн 3 миллион тоннага жеткирүүнү көздөп жатат. “Report” маалымат агенттиги “Интерфакска” шилтеме берүү менен билдиргендей, бул тууралуу казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы бул жол менен 1 миллион тонна мунай ташылган. 2024-жылга карата  1,5 миллион тоннага чейин жеткирүү пландалып жатат.

Казакстандын президенти КасымЖомарт Токаев 2022-жылы Транскаспий коридору аркылуу мунай ташуунун көлөмүн көбөйтүүнү тапшырган. Бул тапшырмага ылайык, “КазМунайГаз”  жана Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы (ГНКАР) “Баку - Тбилиси – Жейхан” мунай кууру аркылуу Казакстандын “Теңгиз” кенинен Бакуга жылына 1,5 миллион тонна чийки мунай  затын жөнөтүүнү караган келишим түзүшкөн.

Жалпысынан энергетика тармагын өнүктүрүү Казакстан Өкмөтүнүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Мындай кадамдар, мунайгаз тармагын чыңдоого, электр энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого жана кайра жаралуучу энергетиканын кубаттуулуктарын жогорулатууга тиешелүү деп белгиленет маалыматта.

Тактап айтканда, казакстандык “КТК” муунай куурунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 54 млн тоннадан 72,5 млн тоннага чейин жогорулады. Муну менен катар “Чымкент” нефтини кайра иштетүүчү заводун кеңейтүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Натыйжада анын кубаттуулугу жылына 6 миллиондон 12 миллион тоннага чейин өсүп, ички рыноктун күйүүчү майга болгон муктаждыгын толук камсыздайт.

https://report.az/ru/energetika/kazahstan-uvelichit-postavki-nefti-po-transkaspiyu-do-3-mln-t-v-techenie-dvuh-let/