05.02.24

Казакстандын Өкмөтү экономикасынын багытын чийки заттык сырье өндүрүүдөн  кошумча наркы жогору болгон тармактарга багыттоо боюнча чараларды ишке ашырууну улантууда.

Бул индустриялаштырууну бат өнүктүрүүнү камсыз кылат. Алсак, өткөн жылы кайра иштетүү өнөр жайында 928 миллиард теңгеге 170 долбоор ишке ашырылган. Ата мекендик өндүрүшчүлөр менен 179 узак мөөнөттүү келишимдер жана офлайк келишимдер түзүлгөн. Бардык көрүлгөн чаралардын аркасында экономикадагы кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү тоо-кен өнөр жайынын үлүшүнө теңелген. Бул тууралуу, “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

Быйыл 2024-жылы 1,2 триллион теңгеге 180 өнөр жай долбоору ишке ашырылат. Индустриялаштырууну тездетүүгө өндүрүш ишканаларын ата мекендик сырье менен камсыз кылуунун жаңы механизми да көмөктөшөт.

Машина курууну 2028-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү планын ишке ашыруунун аркасында, бул тармактын жалпы кошумча наркы 4,5 эсеге өсүүсү күтүлүүдө.

Жалпысынан бүгүнкү күндө, Казакстанда 32 триллион теңгеге 1 миңге жакын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу уланууда. Бул экономиканын бардык тармактарына тиешелүү. 2023-жылы 1,8 триллион теңгеге 298 долбоор ишке киргизилген. 2024-жылы жалпы суммасы 3,8 триллион теңгеге 326 долбоор ишке ашат.

https://kapital.kz/economic/122923/v-2024-godu-v-rk-planiruyut-zapustit-180-industrial-nykh-proyektov.html