07.02.24

Венгрия тарап өзүнүн мунай иштетүүчү заводдоруна кайра иштетүү үчүн Казакстандын мунайын жеткирүүгө, ошондой эле “Рожковское” кенинен газ конденсатын экспорттоого кызыкдар. Бул тууралуу “КазМунайГаз” (КМГ) компаниясынын басма сөз кызматы, Казакстандын делегациясынын Венгриянын Тышкы иштер министринин орун басары Левенте Мадьяр жана Венгриянын “MOL Group” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгында билдирди.

Казакстандык делегацияны “КазМунайГаз” (КМГ) компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Сериккали Брекешев жана Казакстандын Венгриядагы элчиси Жанибек Абрашов жетектеп барышты.

Жолугушуда мунай-химия тармагындагы кызматташтыктын негизги аспектилери, анын ичинде “Рожковское” кенин иштетүү, чийки мунай жана газ конденсатын жеткирүү, ошондой эле газды терең кайра иштетүү тармагындагы кызматташуу талкууланды.

Аталган компаниянын басма сөз кызматы: “Өз кезегинде  “КазМунайГаз” (КМГ) компаниясы, “Рожковское” кенин газдын чийки заты катары пайдалануу менен мүмкүн болгон биргелешкен мунай-химиялык долбоордун артыкчылыктары жөнүндө билдирди. Венгер тарап келечектүү долбоорго кызыкдар болгондуктан, аны ишке ашырууну баштоо үчүн биргелешкен иш-чаралардын планы иштелип чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

“Рожковское” 2023-жылдын 21-декабрында, Батыш-Казакстан облусунда коммерциялык ишке киргизилген ири газ конденсат кени. Кенде жылына 1 миллиард кубометрге жакын газ жана 500 миң тоннадан ашык конденсат өндүрүлөт. Ички рынокко жеткирүү үчүн суюлтулган газды өндүрүүнүн жылдык көлөмү 150 миң тоннадан ашат.

https://kapital.kz/economic/123005/vengriya-i-kazakhstan-namereny-sotrudnichat-po-neftegazokhimii.html