13.02.24

“Kazinform” эл аралык маалымат агенттиги кабарлагандай, Казакстандын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги заманбап күн панелдерин өндүрүүнү жөнгө салуу боюнча пландарын билдирди.

Аталган министрликтин маалымат кызматы: “HIT (heterojunction with intrinsic thin layer)  жана PERC (passivated emitter rear cells) технологияларын колдонуу менен күн батареяларын чыгаруучу заводду куруу боюнча иштер жүрүп жатат”, - деп билдирди.

Өндүрүш үчүн жабдуулар 1-1,5 айдын ичинде алынып келинип, күн батареяларын  чыгаруучу линия ишке киргизилип, кыска убакыттын ичинде кубаттуулугу 50 (МВт) болгон толук кандуу станцияга айланышы керектиги айтылды.

Долбоордун жетекчилери күткөн жыйынтыктарга ылайык, рынокко бир панелдин  баасы 100.000 теңге менен чыгуу пландаштырылууда. Aл эми  2024-жылы 300 даана панель, 2025-жылы 6000 даана, 2026-жылы 6000 даана панель өндүрүү пландаштырылууда. Өндүрүштү жылына 30.000 панелге чейин көбөйтүү пландалууда. Дүйнөлүк рынокто мындай продукцияны Германия, Япония жана Кытай гана өндүрөт.

https://bm.ge/ru/news/v-kazaxstane-budut-proizvodit-sovremennye-solnecnye-paneli