15.02.24

“Акорда” маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык,  президент Касым-Жомарт Токаев Катардын “Nebras Power” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Мохаммед Нассер Аль-Хажрини кабыл алды.

Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечеги жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Көрүшмө учурунда, Касым-Жомарт Токаев Казакстан мунай жана газга болгон көз карандысыздыка жетишүүгө чоң маани берерин айтты. Бул багытта “Nebras Power” компаниясынын, Казакстанда кайра жаралуучу жашыл энергияны өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун жогору баалады.

Өз кезегинде, Мохаммед Нассер Аль-Хаджри кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстанда “Самрук-Казына” менен өнөктөштүктө электр станциясын куруу боюнча  пландары менен бөлүштү. Ошондой эле  тараптар тиешелүү келишимдерге кол коюшкандыгын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын бир триллион киловатт-саатка бааланган кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынын эбегейсиз потенциалы бар экендигин белгилеп өттү. Президент учурда 43 гигаватт кубаттуулуктагы долбоорлорду ишке ашырууга дүйнөдөгү ири компаниялар аракеттерин көрүп жатышкандыгын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев: “Биз “Nebras Power” компаниясынын 350 мегаваттык электр станциясын куруу пландарын жана “Real Overseas” компаниясынын Казакстанда 1,1 гигаватт кубаттуулуктагы электр станциясын куруу пландарын кубаттайбыз. Ошондой эле өндүрүш, технологиялык трансфер жана бул маанилүү сектордогу тажырыйба жаатында мындан аркы өнөктөштүктү чыдамсыздык менен күтөбүз”,- деп белгилеп өттү.

https://qazaqgreen.com/news/kazakhstan/1772/