20.02.24

Өзбекстандын Тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов расмий иш сапары менен Казакстандын борбору Астанага барды. Бул тууралуу, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Астана шаарында, Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Мурат Нуртлеу жана Бахтиер Саидов эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты. Көрүшмө учурунда, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, суу-энергетикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Мурат Нуртлеу мамлекет башчыларынын саясий эркинин аркасында Казакстан менен Өзбекстан бир туугандык, тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген толук кандуу кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Казакстан Өзбекстандын ири соода өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет. Көрүлгөн чаралардын аркасында, акыркы жылдары эки тараптуу соода жүгүртүү 4 миллиард доллардан ашты. Бул көрсөткүчтү 10 миллиард долларга жеткирүү ниети айтылды.

https://centralasia.news/26951-kazahstan-i-uzbekistan-namereny-vdvoe-uvelichit-tovarooborot.html