23.02.24

Казакстандын Энергетика министри Алмасадам Саткалиев  өлкөдөгү жашыл энергия булактарынын өнүгүүсүнүн учурдагы абалы жана бул жааттагы пландары тууралуу “Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун алкагында, Казакстанда альтернативдүү энергия булактарын жана жашыл технологияларды өнүктүрүү” аттуу  темада туруктуу өнүгүү жаатындагы улуттук максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча, парламенттик комиссиянын жыйынында маалымат берди.

Министрдин маалыматы боюнча, 2023-жылдын жыйынтыгы менен аймактардын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалышы 100% пайызды түздү.

Казакстанда электр энергиясын өндүрүүнү 222 электр станциясы ишке ашырат, анын ичинен 146 даанасынын жалпы кубаттуулугу 2,8 (ГВт) болгон кайра жаралуучу энергия булактарынын объектилери болуп саналат.

Кайра жаралуучу жашыл энергия туруктуу өсүштү көрсөтүп, анын кубаттуулугу 2014-жылдан бери 16 эседен ашык өстү (2014-жылдагы 178 (МВ) 2023-жылы 2,868 (МВ) чейин).

2030-жылга карата кайра жаралуучу энергия булактарынын 15% пайыз үлүшүнө жана 2050-жылга карата кайра жаралуучу энергия булактарынын 50% пайыз үлүшүнө (анын ичинде альтернативдик энергия) жетишүү максатында министрлик жыл сайын аукциондорду өткөрүүнү, ошондой эле стратегиялык инвесторлор менен ири долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылат.

Энергетика министри Алмасадам Саткалиев: “Учурда ири масштабдуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу боюнча долбоорлор өнүгүүнүн ар кандай баскычтарында экенин белгилеймин. 2029-2030-жылдар аралыгында, жалпы кубаттуулугу 5 (ГВт) болгон кайра жаралуучу жашыл энергиянын 5 ири долбоорун ишке киргизүү пландалууда”, - деп белгилеп өттү.

https://kapital.kz/economic/123430/pyat-krupnykh-proyektov-vie-zapustyat-v-kazakhstane-do-2030-goda.html