21.03.24

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин башчысы Айдарбек Сапаров Түрк мамлекеттер (ТМУ) уюмуна. мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин жыйынынын алкагында, чет элдик кесиптештер жана делегациялар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Айдарбек Сапаров Түрк мамлекеттер уюмунун. (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушууда уюмга кирген өлкөлөр менен өз ара сооданы өнүктүрүүдө көйгөйлүү маселелерди тез арада чечүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Министрдин айтымында, айыл чарба министринин орун басарларынын деңгээлинде жумушчу топтун түзүлүшү көмөктөшөт. Бул тууралуу,  Kapital.kz бизнес-маалымат кызматы билдирди.

Айдарбек Сапаров Түркиянын делегациясы менен Казакстанда өндүрүлгөн эт азыктарын жеткирүү, ошондой эле ветеринария жана фитосанитардык чөйрөдө Түрк мамлекеттери уюмуна  (ТМУ) мүчө өлкөлөрүнүн стандарттарын унификациялоо тууралуу сүйлөштү. Казакстан тарап Түркиянын рыногуна чыгуу үчүн чечимдердин өз варианттарын иштеп чыгат. Кийинчерээк Айдарбек Сапаров кесиптеши менен ZOOM аркылуу жолугушуу өткөрүп, андан соң казак делегациясы Анкарага барат.

https://kapital.kz/economic/124210/kazakhstan-gotov-postavlyat-v-turtsiyu-myasnuyu-produktsiyu.html