28.03.24

Казакстандын Арыс шаарынын акими Гульжан Курманбекова Түркиялык “STF” компаниянын өкүлү менен жолугушту. Туркестан облусунун акимчилигинин басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, Түркиялык  компания айыл чарбасында сугат сууну үнөмдөй турган техникаларды өндүрүүдө  алдынкы орунда турат.

Шаар башчысы чет элдик инвесторлорго Арыс шаарынын өндүрүш тармагы жакшы өнүгүп жатканын жана жагымдуу инвестициялык климат үчүн ар тараптуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Арыс шаарынын акимиятынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Көрүшмөнүн  жүрүшүндө,  Арыс шаарынын эң ири “Mega-Agat” ишканасынын төрагасы Алишер Рустамбек жана Түркиянын “STF” компаниясынын өкүлү Диш Ахмет биргелишкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты. Тамчылатып сугаруу үчүн спринклер системаларын өндүрүү жөнүндө сөз болду. Бул эки компанияга тең пайда болот. “Mega-Agat” ишканасы сууну үнөмдөөчү заводдор үчүн жабдуларды жана сырьёлорду чыгарат. Эгерде эки тарап пландаган долборун ишке ашыра турган болсо, шаарда жаңы жумуш оорундар пайда болот, ал эми жергиликтүү дыйкандарга сууну экономдоочу технологияны алууга жеңилирээк болот”-деп билдирди.   

Түркиялык компаниянын өкүлдөрү, Арыс шаарынын логистикалык потенциалын жогору баалашты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу ниети бар экендигин билдиришти. Дагы бир Арыс шаарында жайгашкан  “Qazaq Адго Astyk”  компаниясы, Түркиялык компания  менен жабдууларды жеткирүү боюнча келишимди түзүштү. Келишим ишке ашырылып керектүү жабдыктар Түркиядан алынып келсе, Арыс шаарынын айыл чарба жеринин 80 гектары сууну үнөмдөөчү жамгыр технологиясы менен суугарылып баштайт.

https://kapital.kz/economic/124345/turetskiy-investor-nameren-realizovat-v-arysi-proyekt-v-sfere-vodosberezheniya.html