25.04.24

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов иш сапары менен Анкарага барды. Өкмөт башчысы Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен өз ара пайдалуу өнөктөштүк, анын ичинде транзит жана транспорт, айыл чарба, өндүрүш, санариптештирүү жана туризм сыяктуу келечектүү тармактарда кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу, Казакстандын өкмөт башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле 500 ашык ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум болуп өттү. Түркиялык ишкерлер Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырылды.

Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 3,8 миллиард долларга жакын акча каражатына, Казакстан-Түркия биргеликте 100 жакын инвестициялык долбоорлорду ишке ашырышууда. Казакстандын өкмөт башчысы, өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп келип: “Өлкөбүздүн инвестициялык потенциалы абдан чоң жана биз Түркия менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Казакстан алдыңкы технологияларды, өндүрүштү локалдаштырууга жана жогорку сапаттагы, баалуу продукцияны алуу үчүн алдыңкы кайра иштетүү кластерлерин түзүүнүн үстүндө иш алып барууда. Бул багытта кызматташууга даяр болгон инвесторлорго керектүү ресурстар, инфраструктура жана колдоо көрсөтүлөт. Казакстан өкмөтү биздин өлкөдө бизнес жүргүзүүгө даяр ар бир адам үчүн ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөш болууга даяр”, - деп билдирип өттү.

https://kapital.kz/economic/125260/kazakhstan-i-turtsiya-podpisali-10-kommercheskikh-dokumentov-na-180-mln.html