02.05.24

Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан энергетикалык системаларды бириктирүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул кадам жашыл энергияны өндүрүү, ошондой эле аны Азербайжан аймагы аркылуу Европага экспорттоо боюнча биргелешкен аракеттерге багытталганы белгиленет. Үч тараптуу келишимге, Өзбекстандын Ташкент шаарында аталган өлкөлөрдүн экономика жана энергетика министрликтеринин жетекчилеринин катышуусунда кол коюлду.

Меморандум үч өлкөнүн энергетика тармагындагы буга чейинки демилгелеринен кийин түзүлгөн.

2023-жылы Европа Биримдигинин аймагында, көмүртек затынын тоннасы 100 еврого чейин төмөндөшү жана андан кийин 2024-жылдын февраль айына чейин дээрлик жарым эсеге  кыскарышы, кайра жаралуучу жашыл энергияга болгон кызыгууну арттырууга түрткү болду. Бул жашыл энергия өндүрүүнүн көбөйүшүнүн жана салттуу энергия булактарына болгон суроо-талаптын төмөндөшүнүн фонунда болду.

https://centralasia.news/28246-kazahstan-organizuet-obschuju-jenergosistemu-s-azerbajdzhanom-i-uzbekistanom.html