15.05.24

Казакстандын Мажилиси (парламенти) “Казакстандын өкмөтү менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин ортосунда региондо өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана анын ишин жөнгө салуу жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун кабыл алышты.

Аталган соода-логистикалык комплексин  эки мамлекеттин чек арасында жайгашкан “Ак-Тилек” жана “Кара-Суу” өткөрүү бекеттерине жакын аймака куруу  пландалган. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.

Мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, Казакстандын Соода жана интеграция министри Кайрат Төрөбаев, “Комплекс “Кара-Суу” жана “Ак-Тилек” өткөрүү пункттарына жакын жайгашып, өндүрүштүк аянттардан, товарларды сактоочу кампалардан, ошондой эле транспорттук-логистикалык инфраструктурадан турат. Комплексти түзүүнүн алкагында кооперация долбоорлорун ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлөт”, - деп белгилеп өттү.

Соода министрлигинин маалыматы боюнча, комплекске керектүү инвестиция болжол менен 30 миллиард теңгени түзөт.

Кайрат Төрөбаев: “Келишимди ратификациялоо региондун экономикасын өнүктүрүүгө, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоого жакшы таасирин тийгизет жана соода жүгүртүүнүн көлөмүн 3 миллиард долларга чейин жеткирет”, - деп билдирди.

https://kapital.kz/economic/125783/torgovo-logisticheskiy-kompleks-postroyat-kazakhstan-i-kyrgyzstan.html