04.10.24
Казакстандын “Interfood” компаниясы Кыргызстандын өндүрүшчүлөрү менен келишим түзүүгө даяр. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алматы шаарында кыргызстандык азык-түлүк өндүрүүчүлөр тобу менен казакстандык “Interfood” супермаркеттер тармагынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өттү. Кыргызстандан “Шоро”, “Аттила Органик Фудс”, “Куликов”, “Тойбосс” жана “Бай Элим” компаниялары өз продукцияларын сунуштап, супермаркеттер тармагынын жетекчилери үчүн дегустация өткөрүштү.
“Interfood” компаниясынын өкүлдөрү продукциянын сапатына баа берип, келечекте Кыргызстандан келе турган азыктарга байланышкан маселелерди талкуулап, кыргызстандык компаниялар менен келишим түзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.