Мамлекет башчылары Тажикстандын КМШ өлкөлөрүнүн советинде төрөгалык кылган мезгилинде алып барган иштери, 2019-жылы Түркмөнстанда боло турган Саммиттин кийинки отуруму, тынчтык максатында, космос мейкиндигин пайдалануу жана изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кызматташуу тууралуу маалыматтар уктурулду.

Саммиттин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:

  1. КМШга мүчө мамлекет башчыларынын 10-декабрь 1948-жылы кабыл алынган адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына карата билдирүү боюнча.
  2. “Шериктештиктин маданий борборлору” атту эл аралык программасын 2021-жылы Тажикстанда ишке ашыруу боюнча.
  3. КМШ өлкөлөрүндө 2021-жылды архитектура жана шаар куру жылы деп жарыялоо боюнча.
  4. 2019-2023-жылдары кылмыш менен күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралар боюнча эл аралык программа өткөрүү боюнча.
  5. Маалымат технологиясы чөйрөсүндөгү кылмыштуулук менен күрөшүүдө кызматташтык боюнча.
  6. КМШ мүчөлөрүнүн коргоо министрлери кеңешинин жобосуна өзгөрүүлөрдү киргизүү боюнча.
  7. КМШ мүчө мамлекеттеринин антитеррористик борборунун жобосуна өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча.
  8. Кадрдык дайындоолор
    • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин террорчулукка каршы күрөшүү борборунун башчысы жөнүндө.
    • КМШ мүчө мамлекеттеринин коргоо кеңешинин карамагындагы абадан коргонуу боюнча жетектөө комитетинин төрагасы боюнча
  9. КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чечимдерин токтотуу боюнча.
  10. КМШ өлкөрүнүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу билдирүүсү боюнча.
  11. КМШ өлкөрүнүн Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата билдирүүсү боюнча
  12. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгын өткөрүүгө даярдыктар боюнча.

  http://kabar.kg/tur/news/du-anbedeki-bdt-devlet-ba-kanlar-zirvesinde-12-belge-imzaland/