15 ноябрь 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, туристтик кызмат экспорту 220 миллион доллардан ашкан.

Бул тууралуу, ушул жылдын 14-ноябрында болуп өткөн "Туризмди  өнүктүрүү жана жарандык авиацияны либералдаштыруу  маселелери," отурумунда, Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Куралбек  билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы бул көрсөткүч 173 миллион долларды түзгөн. ИДПдагы туризмдин үлүшү бул жылы 4,6%  пайызды түзсө, өткөн жылы 4,3% пайыз болгон .

Туризмден негизги капиталга салымдар бул жылы 8 миллиард 300 миллион сомду түзгөн. Ал эми 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча,7 миллиард сомду түзгөн.

"Мен Кыргызстанда туризм тармагынан салыктык киреше аз түшөөрүн айткым келет. 2015-жылы 106 млн сом өлчөмүндө, ал эми 2016-жылы - 103 млн сом, 2017-жылы - 96 млн сом киреше түшкөн ", - деп билдирди директордун орун басары.

http://www.tazabek.kg/news:1480887?from=portal&place=last&b=8