Россия-Кыргыз өнүгүү фонду (РК ӨФ) 2018-жылы региондордо айыл-чарба азыктарын жана мал-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн каржылоосун 14-15 пайызга арттырды. Бул жөнүндө фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Бардык региондордо жергиликтүү ишкерлерге кеңеш берүүчү регионалдык борборлор курулду. Фонддун  «Гарантийный фонд» ачык акционердик коомуна региондордогу күрөө менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн 200 миллион сом бөлүп берди.

Мындан сырткары, апрель айында фонд “түздөн-түз каржылоо” алкагында каржылоонун башталгыч суммасын 1 миллион доллардан 300 миң долларга төмөндөттү. Ошентип, региондордогу ишкерлер  фонддун  жардамы менен каржылоого дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышты.

Өткөн жылы бардык облусттар ( Бишкектен тышкары) 17 миллион доллар алышкан, 2018-жылдын акыркы 10 айында жалпы сумма 21 миллион доллардан ашкан. Чакан жана орто бизнес тармагында 600дөн ашык долбоор каржыланды, алардын ичинде 500дөн ашыгы айыл-чарба азыктарын өнүктүрүү жана кайра иштетүү тармагында жасалган.

 

https://24.kg/ekonomika/101836_21_million_vyidal_rossiysko-kyirgyizskiy_fond_razvitiya_predprinimatelyam_/