19.12.18.

Ош шаарында 19-декабрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөт башчыларынын жолугушуусу болуп өттү. Өкмөт башчылары  чек ара аймактарынын башчыларынын кеңеши экинчи жыйынына да катышышты.

Жолугушуунун соңунда, өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов Кыргызстан өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык боюнча жол картасына кол коюшту.

Кыргызстан өкмөтүнүн билдирүүсүндө өнөктөштүк планында конкреттүү кадамдар  белгилүү бир убакытта соода жана өнөр жай өндүрүшүндө, карантин жана айыл чарба тармактарында , бажыдагы жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүдө, эл аралык кызматташтык жана башка маселелер боюнча биргелешип иштөө камтылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын башчыларынын кеңеши 2017-жылы сентябрда Өзбекстан  президентинин Кыргызстанга расмий иш сапары учурунда кол коюлган келишимге ылайык түзүлгөн .

Кеӊештин биринчи отуруму  быйыл 29-30-мартта Фергана облусунда болуп өткөн эле.

http://ru.nts.kg/glavy-pravitelstv-uzbekistana-i-kyrgyzstana-podpisali-plan-sotrudnichestva/