27.03.19.

Кыргызстандык жана россиялык компаниялар ортосундагы сегизинчи региондор аралык конференция  алкагында, $1 млрд. 557 млн. долларлык макулдашууга жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

$1,2 миллиард долларлык эң ири кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет жана "Росгеология" ачык акционердик коому кол коюшту.

"Бишкек штамптоо заводу" (БШЗ) $30,3 миллион доллар өлчөмүндө келишимди  Казан мамлекеттик ок-дары чыгаруучу  заводу ($15,3 миллион) жана Барнаул патрон заводу ($15 миллион) менен макулдашты.

Дээрлик $300 миллион доллар, кызматташтык келишим боюнча,  агроөнөр-жай комплекси долбоорлорун ишке ашырууда колдонулмакчы.

Ошондой эле, Россиялык ишкерлер менен Кыргызстандын айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги кол койгон беш меморандумдун ар бири 50 миллион долларды түзүп,  органоминералдык жер семирткичтерди, биоорганикалык  дары-дармектерди жана тоют кошумчаларын менен  вакциналарды өндүрүүгө багытталган.

https://24.kg/ekonomika/113070_kompanii_kyirgyizstana_irossii_podpisali_soglasheniya_na15_milliarda/