02.07.19.

Түркия Кыргызстандан иштөө үчүн келген жарандарга  иштөөгө уруксат алуу төлөмдөрүн азайтты. Бул тууралуу Тышкы иштер минстирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, мындай макулдашууга буга чейин Кыргызстандын  Тышкы иштер минстири Чыңгыз Айдарбековдун Туркияга жасаган официалдуу сапарынын алкагында жетишилген болучу. “Атап айтканда, Түркиянын үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызмат көргөзүү  министрлиги тарабынан  иштөөгө уруксат алуу үчүн төлөмдөр жоюлган. Мурда жумуш иштөөгө уруксат алуунун суммасы $220 долларды түзүп келген. Эми мындан ары киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Түркиядан иш берүүчү тарап керектүү сумманы төлөмөкчү” – деп билдирет минстирликтин басма сөз кызматы.

Дипломатиялык ведомстводон билдиргендей, Бишкекте жайгашкан Түркия  элчилигине барып тапшыра турган документтердин жалпы пакетинин баасы $ 80 долларды түзөт жана төмөнкү статияларды өзүнө камтыйт:

  • Жумушчу визаны каттоого — $30 (мурда жетишилген макулдашуу боюнча);
  • Виза берүүчү борбордун комиссиялык  чогултуусуна (аутсорсинг кызматы үчүн) — $50.

Тышкы иштер минстирлиги белгилегендей үстүбүздөгү жылдын башында эле Кыргызстандын жарандары Түркияга барып иштөө үчүн $283 доллардан төлөп келишкен.

 

https://24.kg/obschestvo/122335_turtsiya_otmenila_oplatu_zarazresheniya_narabotu_dlya_kyirgyizstantsev/