Tazabek – Өзбекстанга 1 млрд 140 млн квт электр энергиясы жай айларында (июнь-октябрь) экспорттолгондон кийин, кышта кошумча 550 млн квт электр энергиясы камсыздала тургандыгы макулдашылды. Бул туралуу онлайн-конференция учрунда  Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев билдирди.

“Баасы 2.4 пайызды түзөт. Бул кошумча киреше болот.  Биз учурда атайы эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз, экспорттоого качан мүмкүн боло тургандыгын. Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун агып кириши 132% болуп, аномалдуу агымдын көлөмү тарыхый чекке жетти. Бүгүнкү күндө, декабрь айынын башында, суу сактагычтагы суунун көлөмү 18,8 млрд куб метрди түзөт. Азыркы учурда электр энергиясын камсыз кылуу боюнча конкреттүү келишимдер бар, октябрь айында “ Узбекэнерго” менен төрт ай үчүн декабрдан март айына чейин 550 млн квт саат электр энергиясын камсыздоо келишимине кол коюлду”- деди ал.