11.02.20

Кыргызстанда 2019-жылы 63,93 млн долларга бааланган 7 инвестициялык долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу, "Кабар" агенттигинин маалымат жыйынында, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын жыйынтыгы менен 987 жумушчу орун түзүлгөн. Адилбек уулу Шумкарбек: “Былтыр өлкөдө инвестициялык карта иштелип чыгып, 110 инвестициялык сунуштар киргизилген. Ошондой эле 2019-жылы 20 бизнес-форум, 5 роуд - шоу жана экспортту алга жылдыруу боюнча ондон ашык иш чаралар өткөрүлгөн" - деп билдирди агенттиктин башчысы.

Мындан тышкары агенттиктин башчысынын айтымында,  өткөн жылы ал жетектеген мекеменин жардамы менен 24,1 млн долларга бааланган 8 экспорттук келишимдер ишке ашырылган.

http://kabar.kg/news/v-kr-v-2019-godu-bylo-realizovano-7-investproektov-ikh-summa-sostavila-63-93-mln/