Turmush -  Түркияны жердеген кыргыз боордошторго Түркия мамлекети тарабынан курулган 80 турак үйдүн (2 кабаттуу үйдө 4 батир бар) ачкычтары салтанаттуу түрдө тапшырылды. Курулуш үчүн Йозгат шаарынын Енифакылы районунан жер бөлүнгөн. Ошондой эле, дагы 224 батирлүү үй курулуп жатканын түркиялык кыргыз Мошал Гувен Жумабай уулу кабарчыга билдирди.

Анын ата-теги Ош облусунан болот.

«Менин чоң ата, чоң энем Чоң-Алай районунан болушкан. Үркүндө (1917-жылы) Ооганстандын Кичи Памирине көчүп барышкан. Мен 1978-жылы Кичи Памирде туулгам. Ошол жылы орустар менен уруш болгондо Рахманкул хандын жетекчилиги менен 295 түтүн кыргыз Пакистанга барып жашап калганбыз. Пакистанда 4 жыл жашагандан кийин Рахманкул хандын жетекчилигинде Түркиянын Ван шаарына барып отурукташып калдык. Анда 1,5 миң кыргыз бар эле. 35 жыл ичинде 4 миңге чейин көбөйдүк.

Кыргыздар Стамбулда, Анкарада, Улуу Памирде жашайбыз. Алгач Ван шаарына көчүп келгенде өзүбүз жашаган айылды Улуу Памир деп атап алганбыз. Учурда кыргыздардын көбү Улуу Памирди жердеп келет. Мындан сырткары Анкара, Стамбул, Малатья шаарларында да 10-20-30 түтүн болуп жашаган кыргыздар бар. Ал эми, Рахманкул хан адилеттүү иш алып барганы үчүн эл аны сыйлайт. Ажы Рахманкул ханды бүтүн дүйнө билет. Биз ханыбыздын ишине ыраазыбыз», - деди Мошал Гувен Жумабай уулу.

80 батирлүү үй кантип курулуп калды?

«Биз "кыргыздар чачкын болуп жашабайлы, бир жерге отурукташып, каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды сактап калалы" деген максат менен Малатья шаарынын мэрине кайрылганбыз. Алар биздин сунушубузду кабыл алып, 80 батирлүү үй куруп берди. Батирдин ачкычы ноябрь айында бизге тапшырылган. Учурда дагы 224 батирлүү үй курулуп жатат. Анын жарымына кыргыздар, жарымына түрктөр жашайбыз. Мечит дагы курулган, биз ага Рахманкул хандын ысымын ыйгарганбыз», - деди Мошал Гувен Жумабай уулу.

Этникалык кыргыздар үчүн 2 кабаттуу үйлөрдү куруу демилгеси мамлекеттик ипотекалык программанын негизинде ишке ашты. Алар 20 жылдык мөөнөт менен насыя алып, ай сайын 100 доллардан төлөп турууну макулдашкан. 2 кабаттуу үйдө жалпы 4 үй-бүлө (алдыңкы бөлүгүндө экөө, артында экөө) отурукташат.

85 чарчы метр аянттагы батирдин баасы 25 миң долларга (болжол менен 95-100 миң түрк лири) жетет.

Кыргызстандын көңүлдүү элчилери «Бизде "Кыргыз түрктөрү жана жардамдашуу" коому бар. Биз майрамдарда коомдун атынан кыргыздын салт-санаасын, каада-салтын, маданиятын түрк элдерине таанытып келебиз. Биз өзүбүздү Кыргызстандын көңүлдүү элчилери деп билебиз. Биздин коомдун Стамбулда, Анкарада, Улуу Памирде филиалдары бар», - деп кошумчалады ал.