04.04.20

Кыргызстан  менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2019-жылы 339,8 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирген.

2019-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 2018-жылга салыштырмалуу 1% пайызга өскөн. 2018-жылы Өзбекстан менен соода жүгүртүү 336,5 миллион долларды түзгөн.
2019-жылы Кыргыз Республикасынан Өзбекстанга жасаган экспорттунун көлөмү 138,9 млн долларды түзгөн. Ал эми, 2018-жылы экспорт 158,5 миллион доллар көлөмүндө болгон.
2019-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга жасалган импорттун көлөмү 200,9 млн долларды түздү, бул 2018-жылга караганда 12,9% пайызга көптүк кылат. 2018-жылы импорт 178 миллион долларды түзгөн болучу.

https://www.tazabek.kg/news:1607884?f=cp