"Маданият" (АКИpress) - Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 35-отурумунда, 2018-жыл, Чынгыз Айтматов  жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. ТҮРКСОЙдун жыйыны Түркстан шаарында (Казакстан) болуп өттү.

Кыргызстандан министр Султан Жумагулов катышты. Анын айтымында, жыл ичинде уюмга кирген өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматовго арналган көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт. "Кыргызстан, ТҮРКСОЙдун башкы катчысын шайлоого жана кызматында өтөгөн мөөнөтү жөнүндөгү уюмдун келишимине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Атап айтканда, бир эле өлкөнүн өкүлү башкы катчылык кызматты көп жылдардан бери ээлеп келиши алгылыксыз экени белгиленди. Натыйжада талкуулардан кийин Кыргызстандын сунушун изилдеп жана аны 2018-жылы боло турган жыйынга алып чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды", — деди С. Жумагулов. Уюмдун башкы катчысынын кызматын 2008-жылдан бери Казакстандын өкүлү Дүйсен Касеинов аркалап келип, бул жолу дагы көпчүлүктүн добушу менен кийинки мөөнөткө шайланды. Ага Кыргызстан каршы добушун берген. Маалымат үчүн: Түрк тилдүү өлкөлөрдүн  маданиятынын эл аралык уюмунун Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Түркмөнстан мамлекеттеринен түзүлөт. Өзүнүн максаты катары, түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, материалдык жана маданий эстеликтерин кийинки муунга өткөрүп берүү экендигин белгиледи.