04.06.20

Кыргызстан 15-июндан тарта, эл аралык аба каттамдарды калыбына келтирүүнү пландоодо. Бул тууралуу, 4-июнь күнү журналистер менен жолугушуу учурунда, Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди.

Курманбек Акышев: «Азыр эл аралык каттамдардын графиги жана учууларынын жыштыгы иштелип чыгууда. Азырынча күнүнө 2-3 рейс пландаштырылып жатат. “Аэрофлот” компаниясы, 15-июндан баштап эл аралык учууларды аткарууга даяр турат. Түркиялык “Turkish Airlines” компаниясы 22-июндан баштап каттамдарды калыбына келтирүү үчүн кайрылуу жасады. Биздин “Авиатрафик” авиакомпаниябыз дагы эл аралык аба каттамдарын аткарат», - деп билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга учуп келгендердин баардыгынан коронавирус илдети жоктугун тастыктаган сертификат талап кылынат.

Эске кетсек, 5-июнь күнү Кыргызстанда ички аба каттамдары кайрадан жанданат. Алгач ички каттамдар жумасына 4 ирет аткарылат. Өлкөдөгү бардык аэропорттор кайрадан иштөөгө толук даяр. Аэропорттун терминалына билети бар жүргүнчүлөр гана барышат. Билети жок адамдарга кирүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле жаңы талап боюнча,  бардык жүргүнчүлөрдүн температурасы текшерилип андан соң учууга уруксат берилмекчи.

https://www.kp.kg/daily/27112.4/4229996/