06.06.20

«Кыргыз-Түрк достугу» ооруканасы коронавирус илдетине чалдыккандарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, медициналык мекеме абалы орточо оор деңгээлдеги бейтаптарды кабыл ала баштаган.

Нурболот Үсөнбаев: «Оорукана 72 керебетке ылайыкталган, алардын 12 даанасы реанимациялык бөлүмдөрү болуп саналат. Жалпысынан кардиолог, пульмонолог, реаниматологдор болуп, 35 медициналык кызматкерлер ишке тартылган. Оорукана заманбап медициналык  каражаттар менен жабдылган» - деп билдирди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугунун көмөгү менен бул жылдын ичинде курулган оорукана, заманбап медициналык технологиялар менен жабдылган.

“Кыргыз-Түрк достугу” ооруканасы Түркия тарабынан коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга  пайдаланууга берилген болучу.

http://kabar.kg/news/bol-nitca-kyrgyzsko-turetckoi-druzhby-nachala-prinimat-patcientov-s-covid-19/