05.07.20

Кыргыз Республикасынын өкмөтү 500 даана мобилдүү кычкылтек концентратор аппараттарын Кытайдан сатып алды. Жүктөр  5-июнь күнү Кытайдан чартердик аба каттамы менен Бишкек шаарына жеткирилген. Бул тууралуу, өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, жуманын башында өкмөт тарабынан кычкылтек концентратор жана пульсоксиметр аппараттарын сатып алууга 50 миллион сом акча каражатын бөлүп берген болучу.

Мындан тышкары дагы 500 даана аппараттардын кийинки жумада Кыргызстанга алынып келинүүсү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү тараткан маалыматта кычкылтек концентратор аппараттары, тез арада пневмония дарты менен ооруган бейтаптарды дарылап жаткан медициналык мекемелерге  бөлүштүрүлүп берилет. Жабдуулардын бир бөлүгү өлкөнүн башка аймактарындагы ооруканаларга жиберилмекчи.

https://kaktus.media/doc/416486_pravitelstvo_zakypilo_500_mobilnyh_koncentratorov_kisloroda._oni_yje_dostavleny_iz_knr.html