05.07.20

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин маалыматы боюнча, 5-июль күнү Манас аэропортуна гуманитардык жардам катары Кыргызстанда иштеп жаткан Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин жамааты жана Түркиялык ишкерлер сатып беришкен кычкылтек концентратор аппараттарынын 150 даанасы алынып келинмекчи.

Кычкылтек концентраторлор аппараттарын тапшырып берүү аземине, Түркия элчилигинин соода өкүлчүлүгүнүн башкы кеңешчиси Бехзат Эртен жана Түркиянын Ишкерлер, маданият, тилектештик жана достук ассоциациясынын президенти Шевка Сарылар мырзанын катышуусу күтүлүүдө.

Түркия коронавирус  пандемиясына каршы күрөштүн алкагында, Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн гуманитардык жардам даярдап жатат. Жакынкы аралыкта Түркиядан гуманитардык жүктүн келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 1-июлга карата Кыргызстанда 610 даана кычкылтек концентратор аппараты бар болгон болсо, азыркы учурда 2 миң даана кычкылтек концентратор аппаратына муктаждык бар. 3-июль күнү Кытайдан өкмөт тарабынан  сатып алган 500 даана кычкылтек концентратор аппараты алынып келинген. Келерки жумада дагы  500 даанасынын келүүсү күтүлүүдө.

https://kaktus.media/doc/416496_posolstvo_tyrcii_i_tyreckie_biznesmeny_peredaut_50_kislorodnyh_koncentratorov_kyrgyzstany.html