05.07.20

Түркия, Кыгызстанга 145 орундуу стационардык оорукана куруп берди. Бул тууралуу, ТИКАнын Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугу тарабынан курулуп берилген “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык наабайканасы”  убактылуу бейтаптарды кабыл алуучу стационардык ооруканага айландырылды. Акыркы убакта, өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын 5-июль күнү, пневмония менен ооруган бейтаптар үчүн күндүзгү стационардык дарылоо кызматына берилди. 145 орундуу стационардык оорукана 08:00-20:00 сааттар арасында кызмат кылат.

Эскерте кетсек, “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык наабайканасы” 2015-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан курулуп берилген болучу.

Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шарттарыны жакшыртуу максатында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №10 орто мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын класс куруп берүүнү ишке ашырган. Долбоордун негизинде 123 чарчы метр аянттын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Кыргызстанда иштеп жаткан Инсандык Жардам Фонду менен биргеликте, аялдардын эмгегин өндүрүшкө тартуу жана Кыргызстандагы текстиль тармагынын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында тигүү цехин куруп беришкен. 2020-жылдын 15-июнь күнү болсо Ош шаарында балдар үчүн оюн аянтчасы жана ачык аба спорт жабдыктарын да жасап беришкен.

ТИКА Бишкек координаторлугу