06.07.20

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен Катар мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Абдулла бин Ахмед Ас-Сулаити жолугушту. Көрүшмө 6-июль күнү болуп өттү.

Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Катардын элчиси белгилегендей, Кыргызстан тараптын өтүнүчүнө жооп катары 420 кычкылтек концентратор аппараттарын гуманитардык жардам катары жакынкы арада Бишкекке жеткирилет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана мындан аркы келечеги, ошондой эле коронавирус инфекциясынын таралышына каршы биргелешкен аракеттер талкууланды.

https://www.akchabar.kg/ru/news/katar-predostavit-kyrgyzstanu-420-kislorodnyh-koncentratov/