08.07.20

Түркия Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө жардам берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы  билдирди.

Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары:

  • 20 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппарат ;
  • 50 миң даана маскалар;
  • Операция үчүн 100 миң даана маска;
  • 35 миң даана медициналык кийим;
  • 2 миң даана коргоочу визор;
  • 20 миң даана корона вирусту аныктоочу ПЦР тест;
  • 10 миң куту гидроксихлорохин таблеткалары;
  • 50 даана кычкылтек концентраторлору алынып келмекчи.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги: “Бул гуманитардык жардам Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы достуктун жана сый урматтын белгиси” - деп билдирди.

https://kaktus.media/doc/416734_tyrciia_vyshlet_eshe_odny_partiu_pomoshi_kyrgyzstany_dlia_borby_s_covid_19._spisok.html