10.07.20

Кыргызстан Россиядан коронавирус илдетине каршы “авифавир” дарысын алып келүүнү пландап жаткандыгын Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Айнура Акматова Россиянын “Роспотребнадзор” (Кардарлардын укугун коргоо жана көзөмөлдөө кызматы) кызматынын башчысынын орун басары Вячеслав Смоленский жетектеген делегация өткөн жумада Кыргызстанга келишкендигине токтолуп келип: “Делегациянын курамында Россиянын Бакулев атындагы илимий изилдөө институтунун өкүлдөрү, реаниматологдор дагы бар болучу. Учурда авифавир дарысын алып келүү маселеси талкууланып  жатат. Өзүбүздүн эксперттик консультативдик топтор дагы бул маселени карап жатышат” - деп билдирди.

Эскерте кетсек, “Авифавир” дарысы (мурунку аталышы “фавипиравир”) Японияда 2014-жылдан бери ар түрдүү илдеттердин оор түрлөрүн дарылоодо колдонулуп келет. Коронавирус пандемиясынан улам, Россиялык окумуштуулар дарынын курамын өзгөртүп, коронавируска каршы “авифавир” дарысын иштеп чыгышкан. Буга чейин “авифавир” дарысын Казакстанга жеткириле тургандыгы маалым болгон.

https://m.ru.sputnik.kg/society/20200710/1048965448/kyrgyzstan-russia-preparat-koronavirus.html