13.07.20

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, шаардын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен ар бир райондо бейтаптарды дарылоочу түнкү стационарларды ачууну пландап жатышат.

Маалыматка ылайык, түнкү стационарлар №7 кичи районунда жайгашкан спорт комплексинин базасында (97 орун) жана  «Консул»  ресторанынын имаратында даярдалып жатат.

Бишкек шаарынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Керебеттер, керектүү шаймандар даярдалып, медициналык кызматкерлер тартылып жатат. Медицина кызматкерлери коопсуз иштеши үчүн бардык шарттар түзүлүүдө (жеке коргонуу каражаттары, ысык тамак)”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле борбор калаанын аймагында, буга чейин мэрия тарабынан уюштурулган күндүзгү стационарлар иштеп жатышкандыгы кошумча ирээтинде билдирилген. Күндүзгү стационарларда эртең менен саат 8.00 кечки 20.00 чейин бейтаптар медициналык консультацияларды, капельница жана ийне сайдыра алышат.

Эскерте кетсек, күндүзгү стационарлар ачылгандан бери 9 күндүн ичинде, 23 миң 819 жаран медициналык (ийне сайдыруу, капельница алуу) жардам алышкан. Ошондой эле 5 миң 781 адам медициналык консультация алышкан. Акыркы учурларда, күндүзгү стационарларда кезекке турган бейтаптардын саны кыйла азайып  шаардыктар акырындап айыгып башташкан.

http://kabar.kg/news/v-bishkeke-planiruiut-otkryt-nochnye-statcionary/