15.07.20

Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов 14-июль күнү өткөн брифингде, Өзбекстандан Кыргызстанга «Гепарин» дарысынын  30 миң даана кутусу алынып келе тургандыгын билдирди.

Кубатбек Боронов: «Биз Өзбекстандын өкмөттүн башчысы Абдулла Арипов менен сүйлөштүк. Алар “гепарин” дарысын өндүрүшөт, биз бир жуманын ичинде 30 миң даана кутусун алып келебиз» - деп билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Иран, Индия, Пакистан жана КМШ өлкөлөрү менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы убакта, Кыргызстандын дарыканаларында тартыш  болуп жаткан дарылардын төрт беш түрүн  Ирандан ири көлөмдө алып келүү пландалууда.

Боронов белгилегендей, өкмөт фармацевтикалык компаниялар менен кызматташуу менен бирге, керектүү дары-дармектерди  сатып алууларды жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө фармацевтикалык компаниялар Кыргызстанга 8 миң куту «Клексана» жана 20 миң куту  «Гепарин» дарыларын жеткирип беришти. Ушул жумада, дагы өлкөгө керектүү дары-дармектерди жеткирүү пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, июль айынын башында, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган адамдардын санынын кескин өсүшү менен Кыргызстанда дарыгерлердин жана дары-дармектердин жетишсиздиги пайда болгон болучу.

https://slon.kg/2020/07/15/uzbekistan-postavit-v-kyrgyzstan-30-tysyach-upakovok-preparata-geparin-dlya-borby-s-koronavirusom/