19.10.20

Кыргызстандын Баткен шаарында, текстиль фабрикасынын курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов билдирди.

Анын айтымында, текстиль фабрикасы 2,5 гектар аянт жерди ээлейт. Курулуш иштерин «Каганат инвест» компаниясы аткарып жатат. Жалпысынан фабриканын курулушуна 6 миллион доллар акча каражаты сарпталмакчы. 2020-жылдын декабрь айынын аягына чейин, фабриканын имаратынын сырткы курулуш иштерин аягына чыгарып, Европадан баардык керектүү техникалык жабдыктарды алып келүү пландалууда.

Мамыржан Рахимовдун айтымында, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында, фабриканы ишке киргизүү мерчемделүүдө.

Мындан тышкары, Баткен шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, бир нече иш чаралар дагы аткарылмакчы. Мисалы, абрикос мөмөсүн кайра иштетүүчү фабрика, мал сойгон касапканалар, логистикалык борбор, таш майдалоочу цехтин  ачылышы күтүлүүдө.

Баткен шаарын 2018-2022-жылдарга карата өнүктүрүү боюнча программанын алкагында, 23 даана жаңы ишканалардын ачылышы күтүлүүдө. Анын негизинде, 2500 жаңы жумушчу оруну пайда болмокчу.

http://www.turmush.kg/ru/news:1654907?from=portal&place=last&b=1