04.11.20

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 3-ноябрь күнү, Түркиянын Кыргызстанда иш алып барган бизнес тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Көрүшмөгө, Түркия мамлекетинин алдыңкы ишкерлери жана эки өлкөнүн соода экономикалык алакаларына тиешеси болгон ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү дагы катышты.

Жолугушуу учурунда, тараптар эки мамлекеттин экономикалык кызматташтыгына байланышкан маселелерди кеңири талкуулашты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Түркия мамлекетинин элине жакында болуп өткөн табигый кырсыкка байланыштуу көңүл айтып өттү.

Ошондой эле Руслан Казакбаев бир тууган Түркия мамлекети, Кыргызстандын эң маанилүү стратегиялык өнөктөшү экендигин баса белгилеп өттү.

Жолугушуунун катышуучулары, Түркиялык ишкерлердин ишмердүүлүгүн жүргүзүү учурунда  туш келген айрым кыйынчылыктарды талкууга алышты. Ошондой эле ар кандай тоскоолдуктарды жеңүүнүн жолдору тууралуу сунуштар берилди. Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары, Кыргызстанда ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттардын түзүлүшү керек экендигин баса белгилешти.

https://centralasia.news/7909-obsuzhdeny-voprosy-kyrgyzsko-tureckogo-torgovo-jekonomicheskogo-partnerstva.html