11.11.20

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов 10-ноябрь күнү, Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиев менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы  билдирди.

Жолугушуу учурунда, эки өлкөнүн министрликтери тарабынан координацияланган иштеринин натыйжасында, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө олуттуу оң жылыштар бар экендиги белгиленди.

Көрүшмөнун жүрүшүндө, тараптар Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдерди талкуулашып, тез арада практикалык иш-чаралардын планына (жол картасына) кол коюу зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу учурунда, Өзбекстан тарап кайра иштетүү тармагында, мөмө-жемиш, текстиль продукцияларын, айыл чарба техникаларын, курулуш материалдарын биргелешип экспорттоо жана фармацевтика жаатында соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга даяр экендигин билдирди.

Мультимодалдык жүк ташууну өнүктүрүү үчүн транспорттук-логистика тармагында, Ош шаарында логистикалык борборду куруу боюнча кызматташтыкты улантууга, ошондой эле “Ош-Сарыташ-Эркечтам” авто жолунун айрым тилкелерин реконструкциялоого  Өзбекстандын катышууга кызыгуусу бар экендигин билдирди. Ошондой эле, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулуш маселелерин активдештирүү маанилүүлүгүн белгилешти.

Андан тышкары көрүшмө учурунда, туризм жаатында кызматташууну өркүндөтүү маселелери дагы талкууланды.

http://kg.kabar.kg/news/zhunusov-zbekstandyn-tyshky-ishter-ministrinin-birinchi-orun-basary-menen-zholugushtu/