13.11.20

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Түркияга болгон иш сапарынын алкагында, Стамбул шаарынын мэри  Экрем Имамоглу менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда, Руслан Казакбаев Стамбул жана Ош шаарынын ортосунда 1997-жылы 20 – сентябрь күнү түзүлгөн, “Бир тууган шаар” келишимин ишке ашырууну активдештирүү зарылчылыгын белгилеп өттү. Мындан тышкары, Руслан Казакбаев Ош шаарынын мээринин билдирүүсүн, Стамбул шаарынын мээрине тапшырды.

Тараптар, эки шаардын муниципалитеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуулары жана жакынкы аралыкта эки тараптуу официалдуу визит уюштурууну макулдашышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө, өз ара кызматташуунун маанилүү экендигин билдирип өттү. Илдет менен күрөшүүдө Түркия тарап берген гуманитардык жардамы үчүн Руслан Казакбаев терең ыраазычылыгын билдирди.

http://kabar.kg/news/glava-mid-kr-prizval-mera-stambula-bolee-aktivno-prodvigat-dvustoronnie-pobratimskie-sviazi-s-gorodom-osh/