15.11.20

Кыргызстанга 15-ноябрь күнү Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча медициналык каражаттардан турган жардам келип түштү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жүктү вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовдор кабыл алышты.

Гуманитардык жардам катары төмөнкүлөр жеткирилген:

Гепарин 5 мл. – 1 миң куту;

Ремдесевир – 5 миң таңгак;

COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң;

COVID-19 илдетин аныктоочу тести – 10 миң даана;

100 мл. натрий хлор – 4 миң даана;

бир жолку шприцтер – 60 миң даана;

тамчылатуучу система – 20 миң даана

бир жолку кол каптар – 100 миң даана;

бир жолку коргоочу комбинезондор – 10 миң даана;

коргоочу көз айнектер – 2 000 даана;

бир жолку бет каптар – 100 миң даана;

Кыргыз өкмөтүнүн атынан вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева Өзбекстандын өкмөтүнө коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Эльвира Сурабалдиева: “Бул коронавирус илдетине  каршы күрөшүүгө багытталган алгачкы гуманитардык жардам эмес. Белгилей кетсек, кыйынчылык учурда Өзбекстан тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо өз учурунда берилген. Бул биздин өлкөлөр ортосундагы чыныгы бир туугандык мамилелердин көрсөткүчү болуп саналат”, - деп ыраазычылыгын билдирип өттү.

https://sputnik.kg/society/20201115/1050443224/bishkekke-ozbekstandan-gumanitardyk-zhuk-keldi.html